Өнөктөштүк жана Изилдөө
Төраганын орун басарлары: Канат Султаналиев, Асел Өмүталиева
Топ мүчөлөрү: Мира Жакшылыкова, Алтынай Токтосун кызы
Максат:
- Билим берүү, изилдөө жана экология менен климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу демилгелерди өнүктүрүү үчүн жергиликтүү жана эл аралык мамлекеттик жана жеке уюмдар менен стратегиялык өнөктөштүктөрдү түзүү жана пайдалануу.
Камтуу чөйрөсү:
- Өнөктөштүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган ички координация жана колдоо системалары
● Учурдагы эл аралык өнөктөштүктөр (мисалы, ЕБ)
● Ыктымал эл аралык өнөктөштүктөр (мисалы, OSUN)
● БААУнун кабыл алуу жана тартуу иштери
Иш планы:
- Өнөктөштүктөрдү түзүүгө багытталган ички процесстерди жана инструменттерди карап чыгуу жана талдоо
- Мурунку тажрыйбаларды жана жетишкендиктерди документтештирүү
- БААУ эл аралык өнөктөштүктөрдү түзө ала турган жергиликтүү кызыкдар тараптарды аныктоо
- Жергиликтүү (мүмкүн болгон) өнөктөштөр менен байланышты чыңдоо
- Эл аралык өнөктөштүктөрдү БААУнун окутуу жана изилдөө ишмердүүлүгү менен интеграциялоо
- Кыргызстандагы эл аралык донорлорду жана алардын ишмердүүлүгүн карталаштыруу
- Окутуучулар жана башка кызыкдар тараптар үчүн өнөктөштүктөрдү иштеп чыгуу жана башкаруу боюнча ички колдоо органын түзүү