Өтүнүч мөөнөттөр жана эрежелер жөнүндө кенен маалымат алуу үчүн веб-сайттын “Өтүнмөлөрдү кабыл алуу” бөлүмүнө кириңиз.
БААУ мыкты академиялык жетишкендиктерди көрсөткөн жана каржылык кыйынчылыктарга кабылган таланттуу жана эмгекчил студенттерге каржылык колдоо көрсөтүүгө умтулат. Болжолу менен студент-бакалаврлардын 84% жетишкендиктер жана кыйынчылыктарга негизделген каржылык колдоо программасынын кызматтарынан пайдаланат. Ал колдоо окутуунун 90% чыгымдарын стипендия түрүндө камсыздайт. Каржылык колдоонун орто эсеби бир студентке 2300 АКШ долларын түзөт. Каржылык колдоо Кыргызстан же КМШ өлкөлөрүнөн чыккан абитуриенттерге жана окутууну улантып жаткан студенттерге көрсөтүлөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн “Каржылык колдоо боюнча кеңсе” бөлүмүнө баш багыңыз.