Студенттер үчүн процедуралар
Эгер сиз окуу мезгилинде ооруп калсаңыз, анда төмөндөгү инструкциялар боюнча иш тутуңуз
Сиз Медициналык кеңсе иштеген убакта кампуста болсоңуз:
o Кеп-кеңеш алуу үчүн Медициналык кеңсеге баш багыңыз (иштөө графиги жана байланыштар).
ЭГЕР сиздин абалыңыз кампуска келүүгө жол бербей жатса:
o Медициналык кеңсе менен электрондук почта аркылуу байланышыңыз;
o Окутуучуңуз менен байланышып, ооруп жатканыңызды кабарлап коюңуз.
Андан-ары сөзсүз түрдө жасалуучу иш-аракеттер:
- Бишкекте жашаган жана Үй-бүлөлүк медицина борборуна катталгандар:
- Дарылануу жана медициналык билдирме алуу үчүн жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборундагы дарыгерге кайрылуу.
- Айыккандан кийин билдирмени тастыктоо үчүн Медициналык кеңсеге алып келип берүү!
Башка шаардагылар:
- Дарылануу жана билдирме алуу үчүн тез жардам чакыруу же жеке менчик медициналык борборго кайрылуу.
- Айыккандан кийин билдирмени тастыктоо үчүн Медициналык кеңсеге алып келип берүү!
Жатакананын тургундары:
- Медициналык кеңсе менен электрондук почта аркылуу байланышуу.
- Андан-ары кандай чараларды көрүүнү медициналык кеңсе тушүндүрүп берет.
- Ооруп калганыңызды жатакананын директоруна маалымдоо
Ооганстандан келген студенттер
- Андан-ары эмне кылууну билүү үчүн Ооганстандык студенттер үчүн доктор менен байланышыңыз.
Сурап-билүү үчүн Медициналык кеңсеге кайрылыңыз