Эркин өнөр жана илимдер бөлүмү/ КОНЦЕНТРАЦИЯЛАР/ LAS Конфликтология/ Максаттар жана Окуу Натыйжалары

Максаттар жана Окуу Натыйжалары

Конфликтология концентрациясы төмөнкү максаттарды көздөйт:

  • тынчтык жана конфликтти изилдөөнүн негизги теориялары жана түшүнүктөрүн берүү;
  • топтор арасындагы жана жеке адамдар ортосундагы конфликттерди алдын алуу, азайтуу жана чечүү үчүн аналитикалык жөндөмдөрдү жана ыкмаларды үйрөтүү;
  • конфликттердин артындагы маданий, социалдык жана саясий күчтөрдү табуу үчүн социалдык изилдөөнүн ыкмаларын окутуу;
  • тынчтык жана конфликтти изилдөө боюнча теориялык билимдерди жана көндүмдөрдү күнүмдүк жашоодо колдонуу.

 

Конфликтология  концентрациясы төмөнкү окуу натыйжаларына алып келет:

  • конфликттердин мүнөзүн, этаптарын жана көрүнүштөрүн түшүнүү;
  • чыр-чатакты чечүү жана тынчтыкты орнотууда аналитикалык көндүмдөрдү жана ыкмаларды өздөштүрүү;
  • конфликттердин контекстин түшүнүү үчүн социалдык изилдөөнүн ыкмаларын билүү;
  • тынчтыкты курууда жана конфликттерди чечүү боюнча алган аналитикалык көндүмдөрүн жана тажрыйбасын келечектеги кесиптик карьерасында колдоно билүү.