Кыргыз тил жумалыгы

Кыргыз тил жумалыгы

18 сентября 2013

Тарыхыбыз жөнүндө кыскача маалымат

Кыргызстан абдан бай жана байыркы маданият менен тарыхка ээ болгон өлкө болуп саналат. Анын маданий мурасына бир гана архитектуралык эстеликтер эмес, көркөм чыгармалар жана ар түрдүү жазма эстеликтер да кирет. Кыргыз эли өзүнүн маданияты жана тарыхы, ошондой эле Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү инсандары менен сыймыктанат.

 

Кыргыз эли байыртадан бери өзүнүн баатырларын жана элдик каармандарын даңазалап келген. Кыргыз эли көчмөн калк болгондугу үчүн адамдык сапаттардан эр жүрөктүүлүк, кайраттуулук, кыраандык, Мекенге болгон сүйүүнү абдан баалаган. Дал ушул сапаттар менен өлкөнүн бардык элдик каармандары айырмаланат.

 

Дүйнөдө көптөгөн маданияттар бар жана алардын ар бири башкалардан айырмаланган жана башкаларга жагымдуу болгон өзүнүн кайталанбас мүнөзүнө ээ. Ар бир элге өзүнүн маданий артефакттары менен сыймыктануу мүнөздүү, себеби булар ар бир элдин маданиятын жана элдин өзүн, башка элден жана маданиятынан айырмаландырат.

 

Курманжан Датка (1811-1907) – кыргыз элинин улуу мамлекеттик ишмери болгон. Аны “Алай ханышасы” жана “Түштүк ханышасы” деп аташкан. “Датка” наамы генерал дегенди түшүндүрөт, ал бул наамга эки жолу ылайык табылган.

 

Курманжан Датка көчмөн мусулман элдердин өлкө башкаруучусунун ролун алган айымдардын бири жана “улут энеси” болуп саналат. Бул улуу энебиз жөнүндө көптөгөн уламыштар айтылат.

 

Бул айым 1-февралда Ош шаарынын жанында Мады айылында эң жакшы көргөн уулунун чапанын кучактап көз жумат. Курманжан Датка 2 уул, 2 кыздын энеси болгон, алардан 31 небере, 57 чөбүрө жана 6 кыбыра тарады. Анын ошондой эле акынчылык өнөрү болгон деп айтышат.

 

2002-жылы улуу энебиз жөнүндө үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде китеп басылып чыккан. Курманжан Датканын жаркын элесине арналган эстелик 2004-жылы Бишкектин Эркиндик проспектинде орнотулган. Курманжан Датканын сүрөтү элүү сомдук банкнотага басылган.

 

Чыңгыз Айтматов

Өлкөбүздүн көрүнүктүү жазуучуларынын бири болуп Чыңгыз Айтматов саналат. Анын колунан чыккан чыгармалар дүйнөнүн 100дөн ашуун тилине которулуп, китептердин жалпы тиражы бир нече миллиондон ашуун нусканы түзөт. Чыңгыз Айтматов - Орто Азиядан чыккан, эл аралык таанымалдуулукка ээ болгон жалгыз кыргыз жазуучу болуп саналат. Айтматовдун алтын доору советтик мезгилге туш келген, СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв анын сөздөрүн кээде цитаталап, өзүнүн сөз сүйлөөлөрүндө колдончу. Автор түрк элдеринин маданий мурасы, жана азыркы мезгил адамды индивидуалдуулуктан айырганы тууралуу жазганды жакшы көрчү. Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында, казак чек арасынын жанында жарык дүйнөгө келген.

 

“Жамила” романы жарык көргөндө Айтматов алгачкы жолу таанымал болот. Ал улуу советтик жазуучу болгон жана “Литературная газета”, Жазуучулар Союзу сыяктуу интеллектуалдык жана маданий институтардын адабият ишмери болуп келген, ошондой эле Кыргыз режиссёрлор союзун да 20 жылдан ашуун жетектеген. Мындан тышкары “Правда” гезитинде Кыргыз Республикасынын өз кабарчысы катары кызмат өтөгөн.

 

Айтматов Партиянын акыркы төрт Конгрессинде делегат болгон жана Лениндик Сыйлыкка, Мамлекеттик Сыйлыкка (адабият майданындагы жетишкендиктери үчүн) татыктуу деп табылган, ошондой эле Социалисттик Эмгектин Баатыры деген жогору мартабалуу наамга (элүү жылдыктын аркасынан) ээ болгон.

 

Жазуучунун киндик каны тамган Шекерде анын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган музей иштейт. Бул музей 1978-жылы Чыңгыз Айтматовдун элүү жылдыгына арналып ачылган. Музейде 1000 ашуун экспонат, кол жазмалар, макалалар, китептер, фотосүрөттөр көрсөтүүгө коюлган, музейдин бир бөлүмү жазуучунун ата-энеси жана үй-бүлөсүнүн тарыхына арналган.

 

Кыргыз эли “Манас” дастаны жана манасчылары менен сыймыктанат. “Манас” дастаны кыргыз маданиятынын эң маанилүү онтологиялык, руханий булактарынын түзүүчүлөрүнүн бири болуп, адамдын аң-сезими жана акылы жетпеген дүйнөнүн күч-кубат берүүчү жана маалымдоочу булагы болуп саналат, ал эми манасчы болсо эки дүйнөнүн: адамдык жана трансценденттик дүйнөлөр арасында өткөрүүчү жана ортомчу болуп эсептелет. Манасчы руханий “батареяга” окшош, адамдарды дем берүүчү күч-кубат менен азыктандырат жана адамдардын дүйнөсүнө гармонияны алып келген маалымат менен камсыз кылат.

 

“Манас” дастанынын дүйнөсү көп кырдуу жана абдан чоң. Мында ар түрдүү тармактын адистери аларды кызыктырган нерселерди таба алышат.

 

Кыргыздардын тарыхый көчү бардык учурларда улуу манасчынын коштоосу менен жүрүп келген, чындыгында мурда аларды “чоң жомокчу” деп аташкан. Алар дайыма пайда болуп, бул дүйнөдөн кетип турган. ХХ кылымда да манасчылар жаралган, бирок кылымдын экинчи жарымында алар жарык дүйнөдөн кетип баштаган. Убакыттын бул кесиндиси улуу манасчылардын бул дүйнө менен кош айтышып жаткандыгын өзгөчө кабыл алуу менен айырмаланат. Себеби алар бирбиринин аркасынан тиги дүйнөгө кетип, ал эми аман калгандары кадыр-барктуу жашка келип калышкан. Мына ушул жагдайлардын бардыгы изилдөөчүлөр жана кинематографисттер үчүн бул жылдарды “акыркы манасчылардын” акыркы сапарынын жылдары деп атоого себеп болду. Изилдөөчүлөр дагы чыныгы манасчылар пайда болбосун баамдаганы, “акыркы манасчылардын” элесин сактап калууга дем берди жана негиз болду.

 

Кыргыз элинин “Манас” дастаны, байыркы элдик рухтун ак мөңгүлүү туу чокусу болуп саналат.

 

Кийинки семестрден тартып, БААУ Ректору Эндрю Вахтель мырза “Манас таануу” боюнча сабак берип баштайт, ошондуктан биз ага бир нече суроо узатууну туура көрдүк:

 

“Манас” эпосу эмне үчүн сизди кызыктырды?

Оозеки маданият чыгармасы катары “Манас” эпосу мени өтө кызыктырбайт. Башка оозеки салттар, өзгөчө жазуу кеңири таркаган коомдордо эчак унутуп калган кезде, бул дастан дагы эле тирүү болгондугу менен кызыктуу. Бул жагдай “Манас” эпосун башка, мурда оозеки болуп, кийинчерээк кагаз бетине түшүрүлгөн дастандар менен, мисалы Гомердин чыгармалары менен салыштырууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Дастан оозеки түрдөн жазуу түрүнө өткөн кезде, мындай салыштырмалуу анализ аркылуу чыгарманын түпкү маңызын түшүнө алабыз. Ошондой эле мени кыргыз мамлекети “Манас” эпосун өзүнүн долбоорлору үчүн кантип колдонуп жаткандыгы кызыктырат.

 

Кыргыз маданияты жөнүндө эмне айта аласыз?

Бул абдан татаал суроо. Эгерде сиз көркөм маданият жөнүндө кеп кылып жатсаңыз, мен жергиликтүү музыкадан жана визуалдык маданияттан ырахаттанганымды айта аламын. Жергиликтүү адабияттан ырахат алам деп айта албайм, анткени менин оюмча менин кыргыз тилди билгеним керектүү даражага жете элек.

 

Кайсы маданият сизге көбүрөөк жагат? Эмне себептен?

Бул суроо да абдан татаал болушу ыктымал. Мен кайсы гана жакта болбоюн, жергиликтүү маданият менен таанышууга жана аны жараткан кишилер менен баарлашууга аракет жасаймын. Менин оюмча, эгерде сиз бөтөнчө көз караш менен мамиле кылсаңыз, чоочун маданиятта кандайдыр бир кооз жана кызыктуу нерселерди дайыма таба аласыз. Бирок өз маданиятыңыз менен улам эле салыштыргыңыз келсе, анда мындан ырахат алуу кыйыныраак болот.

 

Кыргыз маданияты Сизде кандай сезимдерди жаратат?

Эгерде биз салттуу маданият жөнүндө кеп кылып жатсак, кыргыз маданияты бирдиктүү болуп эсептелет. Бул маданият аны жараткан кишилердин өмүрү менен тыгыз байланышкан. Баса белгилегим келген бир нерсе бар, заманбап кыргыз маданияты эскини жандандырууга улам-улам аракет кылып жатат, менин көз карашымча салттуу маданияттын түзүлмөлөрүн тандап, аларды жаңы инновациялар менен аралаштыруу туура болот болуш керек. Кыргыз эли мурдагыдай көчмөн турмушту токтотконуна көп эле жыл өттү. Бул жашоо образына тыгыз байланыштуу болгон маданият менен гана улуу көчтү улантуу мүмкүндүккө жатпай калганын түшүнүүнүн мезгили жетти.

 

Азат Батыров

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028