БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун китепкана кызматкерлери 14-Евразиялык академиялык китепканалар конференциясына катышып келишти.

27 октября 2026

2026 жылдын, 21-23 октябрь күндөрү БААУнун китепканачылары Мадина Керимова жана Жумагуль Бекетаева Казакстандын Астана шаарындагы Назарбаев университетинде өткөн 14 -Евразиялык академиялык китепканалар конференциясына (EALC 2026) катышып келишти. Конференция китепкана адистеринин тажрыйба алмашуусуна жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Конференциянын жүрүшүндө БААУнун өкүлдөрү эки баяндама жасашты. “Кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүүдө реставрациянын ролу” аттуу баяндама конференциянын Эң мыкты баяндама сыйлыгына татыды. Баяндамада сейрек китептерди реставрациялоо жана сактоо жаатындагы узак мөөнөттүү кызматташтыктын мааниси белгиленди. “Биргелешкен китепкана экосистемасын түзүү: Борбордук Азиядагы Америка университетинин тажрыйбасы” баяндамасы БААУнун китепканасынын өнөктөштүктү өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу тажрыйбасына арналды.

Конференциянын алкагында китепканачылар Казакстандын кол жазмалар жана сейрек кездешүүчү китептер боюнча улуттук борборуна жана Улуттук музейдин китептерди реставрациялоо бөлүмүнө барышып, адистер менен тажрыйба алмашышты жана келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Конференцияга катышуу БААУнун китепканасынын эл аралык байланыштарын чыңдоого, кесиптик тажрыйба алмашууга жана маданий мурастарды сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

 

 

<< Назад к списку