БААУнун китепкана кызматкерлери кол жазмаларды сактоо жана калыбына келтирүү боюнча семинарга катышышты
20 октября 2026

БААУнун китепкана кызматкерлери 2026-жылдын 11-16-октябрь күндөрү Казакстандын улуттук китепканасы тарабынан уюштурулган кол жазмаларды калыбына келтирүү жана сактоо боюнча семинарына катышып келишти. Семинардын насаатчылары катары эл аралык эксперттер, Грециянын улуттук китепкансынын адиси Николас Саррис жана Түркиянын кол жазмалар институтунун кызматкери Нил Байдар болушту.
Программа Борбордук Азиядагы чыгыш кол жазмаларынын топтомдорун изилдөөгө, сактоого жана коргоого багытталган. Катышуучулар тарыхый документтердин абалына баа берүүнүн принциптерин, алардын бузулуу себептерин, кагазды жана китептин мукабасын сактоо ыкмаларын үйрөнүштү. Практикалык сабактар салттуу булгаары мукабасын даярдоону жана аны калыбына келтирүүнү камтыды.
Семинар Казакстандын улуттук китепканасы жана STERNA Heritage компаниясы тарабынан ALIPH фондунун (маданий мурастарды колдоо боюнча эл аралык альянс) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Өзбекстан жана Казакстандын китепканаларында кол жазмаларды сактоо жана консервациялоо боюнча окутуу” аттуу эл аралык долбоордун алкагында өткөрүлдү.
Алынган билимдер БААУнун китепканачыларына сейрек басылмаларды сактоо боюнча иштерди өркүндөтүүгө жана аймактагы китепканалар менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам берет.





