БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда илимий баарлашуу жумалыгы өткөрүлдү

23 января 2026

12-16-январь күндөрү онлайн-форматта Илмий байланыштар апталыгы өтүп, анын башкы уюштуруучусу Борбордук Азиядагы Америка университети болду. Быйыл иш-чара “Жасалма интеллект доорунда илимий байланыштар” темасына арналып, саамалык өлкө боюнча ар кандай ЖОЖдорунан 300дөн ашуун мугалимдердин, изидөөчүлөрдүн, илимий кызматкерлердин, китепканачылардын башын бириктирди. Анда 10 спикер чыгып сөз сүйлөдү.

Иш-чарада академиялык коомчулук үчүн маанилүү болгон жасалма интеллекттерди илимий изилдөөлөргө интеграциялоо боюнча актуалдуу маселелер, жасалма интеллектти колдонуу менен макалаларды даярдоонун этикалык жана практикалык аспектилери, санариптик доордого интеллектуалдык менчиктин укуктары жана башка маанилүү маселелелер талкууланды.

Бардык докладдар иш-чаранын расмий сайтында жеткиликтүү: https://scicom.auca.kg/scw26. 

Аптанын программасы маселелердин кенен спектрин камтыды. Нейротүйүндөрдү пайдалануу чектери жөнүндө докладдар жасалды. Эксперттер эмне себептен ЖИ авторлош боло албасын, анын макалалардагы салымын туура ачуу жана машиналык жол менен жыйналган контентти таанууда кандай ыкмалар (техникалык жана лингвистикалык) колдонуларын талкуулашты. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында күчүнө кирүүсү күтүлүп жаткан КРнын Санарип кодексинин нормаларына саресеп салынды. Синтетикалык контенттин маркировкалоо маселелерине жана академиялык чөйрөдө ЖИ-системаларын пайдалануудагы жоопкерчиликке көңүл бөлүндү.

Ошондой эле санарип доорундагы автордук укуктун маселелери талкууланды. Катышуучулар ЖИни медицина (жүрөк ооруларын диагностикалоо) жана ЖОЖдордун кызматкерлеринин күнүмдүк кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө пайдалануу мисалдары менен таанышышты. EBSCO компаниясынын өкүлү платформанын ЖИнин базасында жаңы функцияларын көрсөтүп берди. Алардын арасында кыска мазмуунду генерациялоону жана табигый тилде издөөнү.

Иш-чаранын алкагында өлкөнүн илимий коомчулугу үчүн маанилүү кадам тууралуу жар салынды - 2026-жылга карата БААУ жана Cambridge University Press ортосунда транформативдик макулдашуу жөнүндө. Бул келишим Кыргыз Республикасынын окуу жайларына академиялык басылмалар менен илимий макалаларды жарыялоо мүмкүнчүлүктөрүн ачып берет. Мындан тышкары катышуучулар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мисалында ЖОЖдун илимий-изилдөөчүлүктү алга жылдыруу боюнча университеттик китепканалардын жүргүзгөн иш-аракеттери менен таанышышты.

Жыйынтыктап айтканда, “Илимий байланыштар апталыгы-2026” баяндоо аянтчасы гана эмес, жаңы санарип реалдуулуктагы багыт алуу боюнча практикалык колдонмо болуп калды.

Жыл сайын орун алчу “Илимий байланыштар апталыгы” изилдөөчүлүк активдүүлуктү колдоо, катышуучуларды стартегиялар менен байытуу жана сапаттуу илимий маалаларды даярдоо жана аларды жайылтуу максаттарын көздөйт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун изилдөөлөрүнүн Эл аралык аренада жайылуусун камсыздоо да иш-чаранын башкы максаттарынан болуп эсептелет.

<< Назад к списку