БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

 “Журналистика” магистратурасы

25 июня 2025

“Журналистика жана массалык байланыштар” факультети БААУнун эң улуу факультеттеринин бири: мында 1997-жылдан бери журналистика тармагында адистерди окутуу жана даярдоо менен алектенишет.

2017-жылы магистрдик программасы ачылып, ал журналисттердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу жана карьералык өнүгүүсүндө жардам берүү максаттарын көздөйт.

Программа өз кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу жана дүйнөлүк медиарынокко чыгууну каалагандар, ошондой эле өз кесипкөйлүк квалификациясын жогорулатып жаткан байланыш боюнча адистер үчүн идеалдуу түрдө туура келет. Эгер сиз башка тармакта кесипкөй болсоңуз жана журналистика же массалык байланыштар тармагында эмгектенсеңиз, анда бул да болсо диплом алууга мыкты мүмкүнчүлүк.

Бүтүрүүчүлөр медиаменеджерлер, кинорежиссерлор, ЖОЖдордун мугалимдери жана байланыштар боюнча адистер катары эмгектенип келишет.

Программа жөнүндө толук маалымат сайтта: https://auca.kg/ru/jmc_master/.

Электрондук почта: jour@auca.kg

<< Назад к списку