25 апреля 2025
2025-жылдын 23-апрелинде БААУ китепканасы тарабынан “Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо: Патент, товардык белги жана автордук укук” темасында атайын семинар уюштурулду. Бул иш - чаранын негизги максаты студенттерге, окутуучуларга жана кызматкерлерге интеллектуалдык менчик укуктары боюнча негизги түшүнүктөрдү берүү ошондой эле аларды санариптик жана академиялык чөйрөдө туура колдонууга багыттоо болуп саналат.
Кыргызпатенттин (Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин) эксперти Баякунова Динара интеллектуалдык менчиктин негизги категориялары: патенттер, товардык белгилер, автордук укуктар жана коммерциялык сырлар боюнча кеңири түшүндүрмө берип, Кыргыз Республикасындагы тиешелүү мыйзамдарынын алкагында бул укуктарды коргоо мүмкүнчүлүгүн талдап берди. Академиялык изилдөөлөрдө жана ишкердик чөйрөсүндө интеллектуалдык менчикти аныктоо жана колдонуу тууралуу чыныгы турмуштан алынган мисалдардын келтирилиши, катышуучуларга теория менен практиканын байланышын тереңирээк түшүнүүгө жардам берди.
Мындан тышкары, катышуучулар иш - чаранын интерактивдүү бөлүгүндө суроо-жооп сессиясына активдүү катышып, санариптик чөйрөдө интеллектуалдык менчиктин орду жана мааниси, автордук укуктарды коргоо, өз идеяларын ишке ашыруу жана мыйзамдык жактан бекемдөө жолдору тууралуу кеңири маалымат алышты.