24 апреля 2025
#Тимоти О’Коннор#Президент#мейкерспейс#mldc
БААУнун президенти Тимоти О'Коннордун 27-апрелде өтүүсү күтүлүп жаткан БААУнун Мейкерспейсинин Ачык эшиктер күнүнө карата кайрылуусу:
Урматтуу достор!
Борбордук Азиядагы Америка университети сиздерди Мейкерспейстин Ачык эшиктер күнүнө чакырат. Бул идеялар калыбын тапкан, ал эми кыялдар реалдуу долбоорлорго айланган мейкиндик.
Бул жөн гана экскурсия эмес. Анда инженерия, искусство, технологиялар жана жеке ишкерлик бир жайда кезиккен мейкиндикке чакыруу. Биз муну адамдык жүзү бар инновациялар деп атайбыз.
Кесиптер трансформацияланып турган, ал эми чакырыктар болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта өзгөрүп жаткан заманбап ааламда биз жашообуздун ар бир баскычында билим алуу маанилүү экенине ынандык. Мына дал ушул нерсени биздин Мейкерспейс камсыздап берет – ал билүү гана эмес, ошондой эле жасап көрүү, угуу гана эмес, ошондой эле жаратуу мүмкүнчүлүктөрүн жаратат.
Мейкерспейс алгач каалоочулардын баарынын – биринчи курстун студентинен тарта профессорго чейин, үйрөнчүктөн тарта тажрыйбалуу чеберге чейин – эксперимент жасоо, ойлоп табуу жана бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган платформа катары пландаштырылган. Натыйжада биздин катышуучулардын кызыгуулары менен жаңы нерселерди жасоого умтулууларынын негизинде ал баарын өзүнө тарткан борборго айланды.
Биздин университет академиялык билимдерди гана эмес, ошондой эле жасоо жөндөмдөрүн (өз колу менен жасоо, акылы менен жасоо, бирге жасоо) өнүктүрүп жаткандыгы менен сыймыктанат. Мейкерспейсте сиз баарын жасоого жана ишке ашырууга мүмкүн болгон чөйрөнү жолуктурасыз.
Бул күнү биз менен бирге Москва физико-математикалык институтунун жеке санариптик өндүрүү лабораториясынын командасы болот. Кесиптештерибиз БААУнун командасы менен чогуу илимди, инженердик зиректикти жана чыгармачыл жол тутууну бириктирген уникалдуу мастер-класстарды өткөрөт. Биз үчүн алдыңкы техникалык ЖОЖдордун биринен кесиптештерди кабыл алуу чоң сыймык. Мындай тажрыйба алмашуу конокторубузду шыктандырат деген ишеничтемин.
Урматтуу достор! Сиздерди билимдерге, технологияларга жана чыгармачылыктын эркиндигине болгон сүйүүнү тең бөлүшүүгө чакырабыз! Биздин Мейкерспейс менен таанышуу сизге жеке ачылыштарды жасоого дем-күч берсин жана биргелешкен жаркын келечекке карай алгачкы кадам болуп калсын!
БААУнун Мейкерспейсине кош келиңиздер!
Урматтоо менен,
Тимоти О’Коннор
БААУнун Президенти.