11 апреля 2025
БААУнун китепканасы “Ала качуу: кезек бизде” документалдык тасмасын көрүүгө жана режиссёрлор Нуржамал Карамолдоева жана Султан Усувалиев менен жолугушууга чакырат.
Тасмада эксперттер менен маектер тартууланып, анда алар ала качуу тажрыйбасы тууралуу жүрөк ооруткан суроолорго жооп берүүгө аракет кылышат.
Негизги суроо: Кийинкиси ким? - Кто следующий? – Who is next?
Ошондой эле тасмада миңдеген ала качуулардын курмандыктарынын бирине айланган Бурулай Турдалиеванын трагедиялык окуясы каралат. Анын таржымалы резонанс жараткан, анткени ал ала качкан жигити тарабынан милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн.
Датасы: 16-апрель 2025-жыл.
Убактысы: 16:00
Локациясы: БААУнун Мейкерспейси, жыйындар залы (3-кабат)
Иш-чаранын тили: орус, кыргыз
Сизди иш-чарадан чыдамсыздык менен күтөбүз!