11 апреля 2025
Профессор, филология илимдеринин доктору Уулкан Камбаралиеванын жаңы “Заманбап орус тили. Синтаксис” аталышындагы эмгеги жарыкка чыкты. Окуу куралы орус тили боюнча адистерге, филология факультеттеринин студенттерине жана жогорку класстардын окуучуларына багытталган.
Филология илимдеринин доктору, профессор У. Дж. Камбаралиева тарабынан доцент Ж. М. Абдылдабекова менен биргеликте иштелип чыккан “Заманбап орус тили. Синтаксис” китеби орус тилинин синтаксисин иликтөөгө арналып, базалык университеттик пособие катары жаратылган. Анда сөз айкалыш, жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр, татаал синтаксистик бүтүндүктөр сыяктуу синтаксистин бирдиктери каралат. Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына ата мекендик китептер жетишпеген шартта биздин мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын эске алуу кажет. Андыктан эмгекте аталган стандарттын принциптери менен жоболоруна ылайык келген материалдар чагылдырылды.
Орус тилинин синтаксиси боюнча башка китептер менен окуу пособиелеринен берилген окуу куралы синтаксис боюнча бардык маселелерде белгилүү окумуштуулардын позициялары көрсөтүлгөндүгү менен айырмаланат. Алардын көз-караштары лингвистикада кабыл алынып, өз актуалдуулугун эч качан жоготпойт. Ошондой эле заманбап концепциялар камтылып, алар берилген тилдик деңгээл боюнча илимий ой-жүгүртүүнүн өнүгүү перспективаларын көрүүгө шарт түзүп берет.
Китепте синтаксистин маселелери мектеп программасынын түзүмдөрү боюнча ирээттелип, жогорку мектептердин талаптарын эске алуу менен берилген. Бул студенттерде синтаксистин теориясынын практикалык колдонуу ыкмаларын калыптандырууга өбөлгө түзүп, студенттер үчүн кабыл алууга оор болгон көп аспекттүү грамматикалык материалды түшүнүү жана өздөштүрүүгө жардам берет. Сөз болуп жаткан эмгектин жогоруда белгиленген өзгөчөлүктөрү ага көп деңгээлдүү университеттер аралык илимий-усулдук экспертизадан өтүүгө мүмкүнчүлук берди. Ошондой эле эмгек “Антиплагиат” системасы боюнча текшерүүдөн өтүп, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин КРнын ЖОЖдору үчүн окуу куралы сапатында Окуу-Методикалык бирикмесинин атайын мөөрүн алды.