27 февраля 2025
Ушул жекшемби, 2-мартта БААУда салтка айланган 9-10-11-класстардын окуучулары үчүн математика боюнча жазгы Олимпиада өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн каттоодон өтүү зарыл.
Каттоодон өтүү үчүн шилтеме: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSe7ma5upi4OiFdU_Sj1DKktYi5XMnM9QIJD6ZKIJOXJUtgxOA/viewform
Иш-чаранын уюштуруучулары: БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультети жана БААУнун Инновациялык колледжи.
Олимпиаданын байге ээлерине жана финалына чыккан катышуучуларга сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылат.
11-класстардын арасында жеңүүчү аталган, экинчи орунду камсыздаган жана үчүнчү байгелүү орунду ээлеген окуучулар БААУга “Колдонмо математика жана информатика” адистиги боюнча окууга тапшырышса, анда аларга тиешелүү түрдө 100%, 90% жана 80% арзандатуулар берилет.
Ушул сыяктуу эле Инновациялык колледж да 9-класстардын арасында алгачкы үч орунду камсыздаган окуучуларга тиешелүү түрдө 70%, 60% жана 50% арзандатуу жасап бермекчи.
Маселелердин мисалдары:
1-турдун маселелери жооптору менен: https://auca.kg/uploads/Math/Contest/1%20тур%20-задачи-2024%20ответы.pdf
9-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен: https://auca.kg/uploads/Math/Contest/2%20тур-2024%209%20класс%20ответы.pdf
10-11-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен: https://auca.kg/uploads/Math/Contest/2%20тур-2024%2011%20класс%20ответы.pdf