Февралдык дармарка

Февралдык дармарка

17 февраля 2025

12-февралда БААУда ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн буюмдары менен эко-өндүрүүчүлөрдүн азыктарынын дармаркасы жана жарманкеси болуп өттү. Иш-чара БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан “Жашыл БААУ” программасынын алкагында “Green Club” ыктыярчылык студенттик клубу менен биргеликте уюштурулду.

Студенттер, окутуучулар жана кызматкерлердин баарында дарманкеге катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн кереги жок болуп калган жакшы абалдагы каалаган буюмду же китепти алып келүү жетиштүү. Анын ордуна жаккан башка буюмду алмашып же символикалык баага сатып алууга мүмкүн. Дармарка – буюмдар менен китептерди алмашуу үчүн жарманке гана эмес. Бул сизге кереги тийбей калган буюмга жаңы өмүр (жана жаңы кожоюн) тартуулоо менен катар өзүңө кызыктуу жана пайдалуу жаңы нерсени табуу! Дармаркадан чогулган каражаттар кайрымдуулук максатта жумшалат. Балдар үйүнө кайрымдуулук сапар жаз мезгилине пландаштырылууда, жаңылыктарыбызды күзөтүп барыңыз.

Иш-чаранын жүрүшүндө каалоочулар үчүн экологиялык темада салтка айланган викторина өткөрүлдү. Суроолорго туура жооп берген эң активдүү катышуучулар жарманкенин катышуучулары тарабынан бөлүнгөн белектерге ээ болушту.

Эске салсак, дармарка жана жарманке – университеттеги салтка айланган иш-чара болуп, ага БААУнун коомчулугунун көпчүлүгү чын дилинен катышып келет.

Бүгүнкү күндө дармарка жаңы трендге айланып, бул кыймылга жаңы катышуучулар кошулушууда. Болгондо да Бишкектин башка окуу жайлары. Алсак, бул ирет дармаркага Чүй облусунун Кой-Таш айылынын Таш-Мойнок орто мектебинин 3-класстан 11-класска чейинки окуучулары жана борбор калаанын №13 мектебинин мугалимдери менен окуучулары катышты. Алар үчүн кампус-тур уюштурулуп, “Жашыл БААУ” жана туруктуу өнүгүү принциптери тууралуу маалымат берилди.

Кезектеги дармарка апрель айында экофестиваль учурунда өткөрүлөт. Ага да каалоочулардын баары катыша алат. Болгону алмашуу үчүн буюм же китеп ала келүү абзел.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028