БААУнун командасы биринчи орунду ээледи

БААУнун командасы биринчи орунду ээледи

13 декабря 2024

#SWF#программная инженерия

Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин командасы IT Fest 2024түн алкагында өткөн хакатондо “Тыгындар” категориясында биринчи орунду ээледи. Саамалык ноябрдын аягында орун алып, үч миңге жакын катышуучунун башын бириктирди.

IT Fest 2024 масштабдуу иш-чара болуп, анын алкагында 8 багыт боюнча таймаштар жүргүзүлдү: киберспорт, робототехника, санарип дизайн жана анимация, киберкоопсуздук, хакатон, косплей, дрондордун жарышы, мобилдик сүрөт тартуу.

Команда капитаны, “Программалык инженерия” факультетинин 3-курсунун студенти Эльдар Алимов билдиргендей, чүчү кулактын жыйынтыгында аларга “Тыгындар” темасы туш келген. Натыйжада сунушталган онлайн автоунаа токтотуучу жайдын идеясы калыстар тобу тарабынан Бишкектеги транспорттук тыгындарды кыскартуу боюнча мыкты долбоор деп табылган. Дипломдо “долбоор шаардык көчөлөрдү бошотуунун заманбап жана эффективдүү жолдорун сунуштады” деп белгиленет.

БААУнун командасынын жеңиши университеттин студенттеринин даярдыгынын жогорку деңгээлин жана алардын актуалдуу маселелерди алдыңкы технологиялардын жардамы менен чечүү жөндөмдүүлүгүн баса белгилейт. Команда мүчөлөрүн татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз жана алдыда дагы албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028