23 января 2024
ПЭРЭТО Кыргызстанда HoReCa мекемелеринин арасында ECO KG ыктыярдуу экологиялык сертификациясын ишке киргизди
ПЭРЭТО долбоору Борбордук Азиядагы Америка университети тарабынан төмөнкү өнөктөштүк уюмдар менен консорциумда ишке ашырылып келет: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Collaborating Centre on Sustainable Consumption and Production – СSCP (Германия).
PERETO Кыргызстанда HoReCa мекемелеринин арасында ECO KG ыктыярдуу экологиялык сертификациясын ишке киргизип, анын болуусу кардарларга кафе/мейманкана/отелдерде кандай жашыл технологиялар менен туруктуу өнүктүрүү ыкмалары киргизилгендиги тууралуу маалымат берет.
ECO KG ыктыярдуу экологиялык сертификациясынын пилоттук схемасы ПЭРЭТО долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин SWITCH-Asia программасынын алкагындагы каржылык колдоосунун алдында иштелип чыккан.
“Эко-сертификация” - бул өнүккөн туризмди жайылтуудагы маанилүү кадам. Ал HoReCa объектилеринде жашыл технологияларды пайдаланууга кошумча сурамдардын жаралышына өбөлгө түзүп, бул өз кезегинде бизнес-сектордун курчап турган айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтат”,- ПЭРЭТО долбоорунун программалык менеджери Максат Дамир уулу.
“Жеке ишкерлердин суранычтары боюнча пилоттук форматта Кыргызстан боюнча 23 мейманкана, кафе жана ресторандарда энергия жана ресурстардын эффективдүүлүгү боюнча сертификацияланган эксперттер эко-аудит өткөрүштү. Андыктан бүгүн биз андан ийгиликтүү өткөн мекемелерди тастыктоо сертификаттары жана атайын сапат белгилери менен төмөнкү категорияларда сыйладык: “Коло” (9 мекеме), “Күмүш” (9 мекеме) жана “Алтын” (5 мекеме)”,- ПЭРЭТО долбоорунун программалык менеджери Нурзат Абдырасулова.
Эко-сертификациянын негизги критерийлери:
ПЭРЭТО Ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн ECO KG мобилдик тиркемесин иштеп чыгууда. Тиркеме мекеменин экологиялыктуулугун текшерүү учүн атайын тесттен өтүп, анын негизинде Кыргызстандын каалаган аймагында эко-аудиттен өтүүгө билдирме берүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздап берет.
Ылайык келүүчүлук сертификаттары ПЭРЭТОнун аткаруучу уюму жана өнөктөшү болгон Кыргызстандын Жашыл альянсынын сертификацияланган объектилеринин бирдиктүү реестрине киргизилген жана 2 жылга жарамдуу.
“Бул биздин биринчи сертификациябыз. Бүгүн биздин отелибиз “Коло” алды, бирок биз конокторубузга жаратылышка кам көрүү менен ыңгайлуулуктарды түзүүнү улантабыз. Анан албетте эң жогорку сыйлык “Алтын” категориясына умтулабыз”,- деп билдирди Tes Hotel in Osh отелинин кожойкеси Шайыргуль Абдырахманова.