16 ноября 2023
TEDx форматындагы үчүнчү экологиялык конференция Борбордук Азиядагы Америка университетинде ийгиликтүү болуп өттү. Анын өзгөчө белгиси Казакстан менен Мароккодон келген спикерлердин катышуусу болду. Иш-чара Green AUCA долбоорунун алкагында БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан уюштурулду.
Конференциянын программасында билдирилгендей, анын темалары климаттын өзгөрүшү, энергиянын калыптанма булактары, калдыктарды башкаруу, экоыктыярчылык жана жашыл университеттер болду.
Саамалыктын башында алгачкы сөз ESG Central Asia коомдук уюмунун/ калдыктарды башкаруу WasteNet.KG түйүнүнүн директору Асель Арстанбековага берилди. Ал каралып жаткан темалар бүт дүйнө жүзүндө, анын ичинде албетте Борбордук Азияда актуалдуу экенин белгиледи. ESG Central Asia уюмунун милдети – аймактын мамлекеттерине бул тармакта маанилүү саясий чечимдерди кабыл алуу жана экологиялык программалар маселелеринде колдоо көрсөтүү үчүн бир катар долбоорлорду ишке ашыруу. WasteNet.KG – мына ушундай долбоорлордун бири болуп, Кока-Кола глобалдык фонду менен бирге өнөктөштүктө ишке ашырылып келет. WasteNet.KG милдеттеринин бири экологиялык сертификация программасын ишке ашыруу болуп, ага ылайык ар кандай уюмдар экологиялык чечимдер жана практикалар боюнча текшерилет. “БААУ калдыктарды башкаруу тармагында биринчилерден болуп өзүнүн мыкты практикасын тастыктай алды. Өзгөчө баалуу нерсе - бул университеттин муну менен токтоп калбастан, калдыктарды башкаруу тармагында өз тажрыйбасын жакшыртып жана өнүктүрүп келет. БААУ аталган маселелер боюнча көптөгөн ЖОЖдор, колледждер, мектептер жана башка билим берүү мекемелери үчүн үлгү болду”, - деп белгиледи ал.
Бул чыгуунун уландысы ESG Central Asia коомдук уюмунун/ калдыктарды башкаруу WasteNet.KG түйүнүнүн координатору Наталья Байдакова тарабынан даярдалган “Өзгөрүп жаткан климаттын шартында калдыктарды башкаруу” темасындагы бет ачар болду. Анда калдыктар климаттын өзгөрүшүнө кандай таасир тийгизери жана негативдүү факторлорду азайтуу үчүн кандай чараларды көрүү керек экендиги жөнүндө айтылды. “Өндүрүү жана керектөө системасы калдыктарды кыскартуу жана алдын-алууга багытталышы керек. Бул эң иштиктүү жол. Эң башкысы - бардык нерсеге комплекстүү жол тутуу. Аз өндүрүү, өндүрүлгөндөрдү кайра иштетүү, кайра иштете албагандарды санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо менен көмүү”,- деп сөзүн жыйынтыктады спикер.
Кезектеги эки спикер - Л. Н. Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетинин окутуучулары конференцияга Zoom аркылуу Астанадан катышты. “Социалдык педагогика жана өзүн-өзү таануу” кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Гайни Карекеевна Длимбетова жана “Психология” кафедрасынын улук окутуучусу, PhD Саулет Уразбековна Абенова жашыл университеттин принциптерин ишке ашыруу, экоыктыярчылык ишмердүүлүк жана экологиялык көйгөйлөргө студенттерди тартуу жааттарында өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Өзгөчө кызыгууну экологиялык принциптер билим берүү процессинин бир бөлүгүнө айлануусу тууралуу маалыматтар туудурду. Алсак, ЕУУда “Экологиялык психология”, “Архитектуралык психология” сабактары бар. Башкы тыянак: окутуунун жана тартуунун мыкты жолу - бул жеке мисал.
Чоң кызыгууну марокколук спикер, Ифрандагы Аль-Ахавейн университетинин профессору, PhD Али Н. Ахтардын онлайн чыгуусу жаратты. Жакынкы убакка чейин Марокко пластикалык баштыктарды керектөө боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган - жылына бир кишиге 900 баштык туура келген. Бирок 2016-жылы өлкөдө пластикалык баштыктарды өндүрүү жана жайылтууга тыюу салынган. Мунун себептеринин бири - Марокконун жээктерин пластиктердин булгануусунан тазалоо. Анткени бул маселе өлкөнүн жаратылышына чоң зыян келтирип, курч мүнөзгө ээ боло баштаган.
Тыюу киргизилгенден кийин өлкөдө пластикти пайдалануу кыскарган, бирок, жаңы көйгөйлөр жаралган. Тыюу салынгандан кийин пайдаланылбай калган 400 тонна пластикалык баштыктарды эмне кылуу керек? Экономиканын агрардык жана өндүрүштүк секторун пластикалык азыктар менен камсыздаган өндүрүш кандай жол тутат? Натыйжада өлкөдө пластикалык баштыктардын көмүскө базары пайда болот. Дагы бир көйгөй - пластикалык баштыктардын ордуна сунушталган материалдардын ыңгайлуу эместиги - кагаз, ткань же айнек. Өлкөнүн жашоочулары керектөөдө алардын ыңгайсыздыгын жана жагымсыздыгын белгилешкен. Мындай кырдаалда эң татаалы - керектөө маданиятына пластиктен баш тартууну интеграциялоо. Айтор бул маселени бир чечим менен гана чечип коюу мүмкүн эмес болуп, ал комплекстүү жол тутуу жана мамлекеттик органдар, жарандык коом жана Эл аралык уюмдардын биргелешип кызматташуусун талап кылат.
Конференциядагы жыйынтыктоочу чыгуу энергиянын калыптанма булактарына арналды. Ага Энергиянын калыптанма булактарын жана энергоэффективдүүлүктү өнүктүрүү борборунун президенти Татьяна Веденеванын “КРдагы энергиянын калыптанма булактары: климаттын өзгөрүшүнө көнүшүү жана митигация үчүн мисалдар жана технологиялар” бет ачары арналды. Өз бет ачарында Татьяна айым энергиянын калыптанма булактарынын ар кандай булактары, алардын оң жана терс жактары, аларды күнүмдүк турмушта жана өндүрүштө пайдалануу жолдору жөнүндө кенен айтып берди. Белгилей кетчү нерсе, бул тармакта биз учурда узак жолдун башталышында турабыз. Технологиялар жаңыдан өркүндөтүлүп келүүдө. Тилекке каршы бүгүнкү күндө энергиянын калыптанма булактарын күнүмдүк турмуш-тиричиликте пайдалануу баарынын эле колунан келе бербейт. Анткени анын өздүк наркы салтуу энергиянын наркынан да жогору. Буга биринчи кезекте жабдуулардын бааларынын кымбат болуусу себеп. Бирок жогоруда айтылгандай, технологиялар тездик менен өсүп-өнүгүп келет. Андыктан жакынкы келечекте алар калктын калың катмары үчүн жеткиликтүү болуп калуусу толук ыктымал.
Конференция сурооолор жана жооптордун топтому менен аяктады. Ага спикерлер да, угуучулар да активдүү катышып, пикир жана сунуштар менен алмашышты.