Жамиля Асанова: «БААУ — бул чындап эле жалгыз калбай турган жер»

Жамиля Асанова: «БААУ — бул чындап эле жалгыз калбай турган жер»

12 января 2023

#LifeAfterGraduation

Жамиля Асанова 2022-жылдын май айында Журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин, ал билим алууну улантууну чечип, Будапешттеги Корвинус университетинде магистратура программасына өткөн. Жамиля Stipendium Hungaricum программасына катышып, Кыргызстан боюнча тандалган мыкты студенттердин катарына кирген.

«БААУда төрт сонун жыл окудум. Ар бир жыл өзүнүн уникалдуу мүнөзү менен эсте калды. Бирок, чын айтсам, эң эсте калгандары биринчи жана акыркы жылдар болду. БААУнун босогосун биринчи ирет аттаганда эле айланамдагы адамдардан чоң колдоону сездим. БААУ — бул чындап эле жалгыз калбай турган жер. Ар бир адам жардам берүүгө, түшүндүрүүгө жана үйрөтүүгө даяр. Окуу жылдары бою эң сонун студенттик жашоону башымдан өткөрдүм. Жылдар бою болуп өткөн ар кандай иш-чаралар сабактардын ортосундагы сергек аба агымы эле. Бир нече жолу волонтер катары катыштым, бул да абдан кызыктуу жана маанилүү болду. Айрыкча, 2019-жылдагы Ориентация жумалыгы өзгөчө эсимде калды. Жаңы студенттерге жардам бергеним жана алардын студенттик жашоосунда жолуккан алгачкы адамдардын бири болгонума абдан ыраазы болдум.

БААУнун Журналистика бөлүмүндө окуп жатып, өз чеберчилигин билген эң сонун окутуучулар менен тааныштым. Бардык сабактар абдан кызыктуу болчу, алардын жемишин азыр да көрүп жатам. Ошондой эле пандемия учурунда окуунун кандай экенин байкадым. Чынын айтсам, ага ыраазымын, анткени биринчи жолу онлайн окутууну баштан өткөрдүм жана ал абдан жакшы болду. Акыркы жылым кыйын, бирок абдан кызыктуу жана окуяларга бай болду. БААУнун руху жана айланамдагы адамдар болбосо, бул мындан да кыйын болмок деп ойлойм. БААУга, алган билимиме, досторума жана сонун атмосферага түбөлүк ыраазымын! БААУ студенттерине сонун мүмкүнчүлүктөрдү бергенин аябай баалайм. Бул университетте билим алуу менен сиз жөн гана кесипкөй болуп калбастан, тышкы ресурстар аркылуу чоң тажрыйбага ээ болосуз. Мисалы, 2020-жылы мен алмашуу студенти катары тандалып, Нью-Йоркто бир семестр окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бирок карантин жылы жана коронавирус башталганы үчүн Бир семестрди Bard Collegeде онлайн окудум. Бул да абдан пайдалуу жана унутулгус тажрыйба болду. Дипломдук ишимди жазуудан да чоң ырахат алдым, негизинен өзүм каалаган теманы тандап алганым үчүн. Зарыл маалыматтарды чогултуу үчүн өлкөбүздүн башка аймагына төрт күнгө барып, БААУ мага бул үчүн каржылык грант бөлдү. БААУ менен байланышкан нерселердин баары өзүнчө бир ырахат. Бирок эң башкысы, БААУ студенттерге чыныгы эмоциялар жана мүмкүнчүлүктөрдү берет, бул өтө керемет.

Азыркы учурда мен Будапешттеги Корвинус университетинде Байланыш жана медиа илимдери боюнча магистратурада окуп жатам. “Stipendium Hungaricum” стипендиясына толук грант утуп алып, Венгрияда окуп жатам. Чынын айтсам, бул бакалавриаттан көп деле айырмаланбайт, бирок багыты такыр башкача. Бул жерде журналистикага караганда PR жана маркетингге көбүрөөк көңүл бурам. БААУда окуу көп жагынан жардам берди жана БААУнун студенти болбосом, чет өлкөгө тапшырууга батынбайт болчумун деп ойлойм.

Европада жашоо жагат, бирок кээде, чынын айтсам, шаарымды жана үйүмдү сагынам. Бирок баары жөн жерден эмес деп үмүттөнөм жана бул мага чоң жана маанилүү тажрыйба берет деп ишенем. Окуунун биринчи семестрин адаптацияга толугу менен арнаганыма карабастан, “Dog & Pony” жарнама жана маркетинг агенттигинен акы төлөнүүчү стажировкага кире алдым. Бул Европадагы алдыңкы компаниялардын бири, жана менин окуумду чыныгы иш тажрыйбасы менен айкалыштырып жатканыма кубанычтамын. Кийинки семестрде бизге Венгриянын ири медиа агенттиктеринде акы төлөнүүчү стажировка сунушталат жана бул унутулгус тажрыйбанын башталышы болот деп үмүттөнөм.

Көптөгөн пландарым бар. Магистратураны аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келемби же Европада каламбы, аны азырынча так айта албайм. Бирок өз тармагымда мыкты адис болууну каалаганым анык. Ар түрдүү эл аралык компанияларда иштеп, портфолиомду толтурууну пландап жатам. Менин максаттарыма жетем деп ишенем!

БААУ студенттерине жана келечектеги студенттерге айта турганым: өзүңүздү билдирүүдөн коркпоңуз. Биздин университеттеги адамдар жардам берип, үйрөтүүгө даяр, суроодон коркуп убара тартканча, суроону көп берген жакшы. Жакшы окуңуз, бирок студенттик жашоого да убакыт бөлүңүз, анткени БААУда студенттик жашоо өзгөчө жана уникалдуу. Өзүңүздүн бактыңыз үчүн жашап, кыялдарыңызга жетүүгө иштегиле. Эң негизгиси, тапшырмалардын мөөнөтүн өткөрүп жибербеңиз жана плагиат жасабаңыз!»

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028