4 сентября 2014
Аутизм – социалдык өз ара аракеттешүүдө, оозеки (вербалдык) жана оозеки эмес (вербалдык эмес) баарлашууда кыйынчылыктар, стереотиптүү жана кайталануучу кыймыл-аракеттер мүнөздүү болгон нейробиологиялык өрчүүнүн оор бузулушу болуп саналат. Тилекке каршы, балдар менен иштеген психиатрлардын жетишерлик даражада болбогону, ошондой эле калкт, педиатрлар, окутуучулар бул оору жөнүндө аз билгендиктен, Кыргызстанда аутизм сейрек аныкталат (диагноздолот), илдеттин өзү болсо көптөгөн жалган маалыматтар менен курчалган.
Дүйнөлүк статистика боюнча, 100 дени сак балага, аутизмдин ар кандай белгилери менен 1 баланын төрөлүшү туура келет. Кыргызстанда бул маселе мурда болуп көрбөгөндөй абдан актуалдуу болуп эсептелет. Расмий маалыматтар боюнча бул илдетке чалдыккан 115 гана бала катталганы менен, чындыгында оорукчан балдардын саны мындан кыйла жогору.
БААУ Психология багыты боюнча окуган студенттердин жүрүм-турумду колдонмолук талдоону (Applied Behavior Analysis - ABA) же АБА-терапияны – жүрүм-турумду түзөөнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бирин үйрөнүү жана иш жүзүндө колдонуп көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул багыттагы ыкмалар жана принциптер өрчүүсү өзгөчө өткөн балдардын жүрүм-турумун модификациялоо, кадимки балдардын көйгөйлүү жүрүм-туруму менен иштөө үчүн колдонулат. Бирок бул АБА-терапиясы аутизм менен ооруган балдарды окутууда өзгөчө таанымал болгон.
2013-жылдын сентябрь айында Ачык Коом Институтунун колдоосу менен, БААУ Психология кафедрасы, “Кармашкан кол” коомдук бирикмеси жана Клемсон Университетинен Вильям Эдвардс биргелешип “Аутизм жана жүрүм-турумду колдонмолук талдоо” курсунун программасын иштеп чыгуу боюнча долбоорду иштеп чыгышкан. Ольга Ярова, БААУ Психология кафедрасындагы окутуучу эмдиги жылы Кыргызстанда жүрүм-турумду изилдөө боюнча биринчи тастыкталган талдоочу болуп чыгат.
Эң алдыңкы жана башкы жетишкендик – психологияны окуган 25 студентти АБА-терапиясынын негиздерин окутуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 12си “Behavioral Innovations” борборунда балдар менен ийгиликтүү иштешүүдө. Биз алардын жетишкендиктери менен, аутизмге чалдыккан балдардын коомго көнүшү үчүн кылган жардамы менен абдан сыймыктанабыз.
“Психолог-студенттердин иш жүзүндө өз билимин колдонуу, балдар менен иштешүү жөндөмдүүлүктөрүн такшалтуу, кесипти туура тандаганын түшүнүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк пайда болгону эң сонун. Аутист-балдар борборунда студенттер бир гана стажёр-практикант жүзүндө эмес, толук кандуу психолог сыяктуу өзүн көрсөтүшөт. Алар окутуунун индивидуалдык программаларын иштеп чыгышат, балдарын жөндөмдүүлүктөрүн баалашат, сүйлөө, түшүнүү, имитация, башкалар менен баарлашуунун үстүндө иштешет. Ата-энелер дагы балдардын жүрүм-турумунун жана көңүлүнүн өзгөргөнүн байкаганы кубандырат” – деп, психология кафедрасынын окутуучусу Ольга Ярова бул долбоор тууралуу кеп кылды.
Бул жылы студенттерге АБА-терапия боюнча тереңдетилген курс сунушталат. Жүрүм-турум талдоочу канадалык Зухра Камар Ольга Ярова менен бирге сабак берет. Биринчи курска караганда АБА II жүрүм-турумду изилдөө жана баалоо, көйгөйлүү жүрүм-турумду талдоо жана аныктоо, жаңы жүрүм-турумду үйрөтүү жана башкалар боюнча ыкмаларды терең изилдөөнү сунуштайт.
Мектепке чейинки жашта жумасына 40 саат АБА-терапиясынан өткөн балдардын 50% 6 жашта кадимки балдар менен бирге кадимки мектепке барып, окуусунда жетишерлик даражада ийгиликтүү боло ала тургандыгын изилдөөлөр көрсөтүп жатат. Кыргызстан бул максатка жетүү үчүн биринчи кадамдарын гана шилтеп жатат. Бул жылы 1-сентябрда № 34-мектептин базасында “Кармашкан кол” коомдук бирикмеси “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен пилоттук долбоорду ишке киргизди. Аутизмге чалдыккан балдар үчүн биринчи класс ачылды. Бул күнү аутизм менен ооруган 6 баланын ата-энесинин, жакындарынын көптөн бери самаган тилеги орундалды – балдар мектепке барышты.
“Биз балдар үчүн индивидуалдык программаларды иштеп чыгабыз, балдар тарбиялоочулары менен иштешет, алар ар бир баланы сабак учурунда коштоп жүрүшөт. Классты түзүп, 6 баланы даярдаганга чейин, биз алар менен бир нече ай топ ичинде эркин жүрүшү үчүн иштештик. Бул жаңы пилоттук класс болуп саналат, бирок мунун ачылышынын өзү эле чоң жетишкендик, медицинада жана деги эле коомдогу прогресс” – деп жаш эне өз сөзүн айтты.
“Сорос-Кыргызстан” Фондунун мүдүрү Шамил Ибрагимов бул долбоор ата-энелердин жана окутуучулардын деми, күчү, энтузиазмы менен ишке ашканын белгилейт. “Бул иш бир грантты алып, эсебин берип, иш-кагаздарын текчеге коюп коё турган катардагы долбоордук жумушчунун иши эмес. Мунун бардыгы чыныгы талыкпаган эмгек жана балдарга кылынган жардамга негизделген. Адистер ата-энелер менен бирге азыркы жана келечектеги бул диагноз менен болгон балдардын өрчүшүнө баа жеткис салымын кошушту. Эң башкысы – бул класстын моделинин өзүн окуу уланышы үчүн мамлекетке өткөрүп берүү” – деп оюн билдирди.
Психология кафедрасынын окутуучулары да бул долбоордун иш ашырылышына катышышты. Мугалимдерди, машыктыруучуларды, ата-энелерди жүрүм-турумдун колдонмолук талдоонун негиздерине үйрөтүп, аутизмге чалдыккан балдардын аңдоо жана окуусунун өзгөчөлүктөр боюнча семинарларды өткөрүп беришкен.
Бүгүнкү күндө БААУ Психология кафедрасы Психология багыты боюнча магистрдик программаны жана өзүнүн карамагындагы изилдөө борборун негиздөөнүн үстүндө иш алып бара жатат.
“Бул жылы аутизмди диагноздоо, чоңдордун жана балдардын акыл-эсин баалоо, кесиптик каалоолорун, жеке өзгөчөлүктөрдү баалоо үчүн аспаптарды сатып алып колдонууну көздөп жатабыз. Өлкөбүздө мындай методикалар жок болуп кеткен же эскирип, жараксыз абалга келип калган. Борбор ошондой эле ата-энелерге жана АБА-терапиясы боюнча адистерге машыгууларды, психология негиздери, кризистик абалдарда психологдун иши, карьералык өнүгүү жана уюмдук психология боюнча курстарды өткөрөт. Борбордун негизинде ата-энелерге жана жергиликтүү адистерге ылайыкташтырылган методикалык материалдар иштелип чыгат” – деп Ольга сөзүн жыйынтыктады.